Милиция Бишкектеги маршрутка менен таксилерди текшерет. Себеби

Укук коргоо органы айдын аягына чейин текшерүү иштерин күчөтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаада 8-июлдан 31-июлга чейин "Коомдук транспорт" деп аталган рейд болот. Бул туурасында борбор калаанын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Концерн General Motors снимает с российского рынка бренд Opel и массовые модели Chevrolet
Эми автоунаалардын документтерин интернет аркылуу текшерип алса болот
Аталган иш-чаранын максаты — маршрутка, автобус жана жүргүнчү ташуу менен алектенген такси фирмаларынын мыйзам бузууларын жоюу. Автоинспекторлор айдоочулар менен маектешип, жолдо жүрүү эрежесин сактоо канчалык зарыл экендигин түшүндүрөт. Ошондой эле транспорттун техникалык абалына көзөмөл жүргүзөт.

Эгер мыйзам бузуулар табылса, административдик протокол түзүлөрү айтылат.