Ажылык учурунда селфи кылса болобу? Адистин пикири

Быйыл ажылыкка барчу биринчи топ 17-июлга караган түнү Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан Аббясов ажылык сапар учурунда сүрөткө түшкүсү келгендерге анын жол-жобосун түшүндүрдү. Диний кызматкердин пикирин Sputnik Тажикстан агенттиги жарыялады.

"Албетте, ыйык жайга барган ар бир киши эстелик үчүн сүрөткө түшүп, аны бала-бакырасына, туугандарына, досторуна көрсөткүсү келет. Анүстүнө азыр ар бир адамдын колунда смартфон бар. Негизи ажылык сапар учурунда сүрөткө түшүүгө тыюу салынган эмес. Бирок колдон келишинче сыйынууга артыкчылык берилиши зарыл", — деди Аббясов.

Муфтият элден чогулган битир-садака кимдерге берилгенин айтты
Ошондой эле ал зыяратчыларга сапар алдында өзүн-өзү туура алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Эске салсак, быйыл ажылыкка барчу биринчи топ 17-июлга караган түнү саат 3.45те Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет. Сауд Аравиясы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп, жалпы жонунан 18 аба каттамы каралган. Меккеге бара турган зыяратчыларды 109 ажы коштоп жүрөт.