Жалал-Абадда 11 жаштагы кыз жүк ташуучу автоунаанын алдында калып каза болду

Айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи шаарчасындагы Роза Азимова көчөсүнөн жүк ташуучу унаа 11 жаштагы Р.А. аттуу кызды коюп кеткен.

Жалал-Абадда 11 жаштагы кыз жүк ташуучу автоунаанын алдында калып каза болду

Өспүрүм кырсык болгон жерден каза болуп, айдоочу из жашырган. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 10-июлда, саат 11.00дөр чамасында болгон.

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, качып кеткен айдоочуну шаардын аймагынан кармашкан. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда", — деди ал.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери уланууда.