Түркиялык имам рок-группа түзгөндүгү үчүн иштен алынды

Адилеттүүлүк издеген диний кызматкер Анталия сотуна кайрылып, максатына жете алган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Рок музыкасын жакшы көргөнү үчүн кызматтан алынган түркиялык имам Ахмет Мухсин Тюзер Европа сотуна арызданууну көздөп жатат. Буга чейин ал Анталия административдик сотуна кайрылып, өзү каалаган адилеттүүлүккө жете албаганын РИА Новости жазды.

Ахмет Тюзер Анталия провинциясындагы Каш шаарынын мечитинин имамы болгон. Бирок аны "мамлекеттик кызматка жараксыз" деген жүйөө менен иштен алышкан.

Өзү "мени FiRock деп аталган рок-группа түзгөндүгүм үчүн жумуштан кетиришти" деп айтып келет.

"Диний иштер боюнча башкармалык музыка менен алектенишиме башынан эле тоскоолдук жаратып келген. Бирок рок музыкадан эч качан баш тартпайм. Мен ал аркылуу канчалаган жаштардын жан дүйнөсүнө жол таба алдым. Түркиядан адилеттүүлүккө жете албагандыктан, Европа сотуна кайрылам", — деди диний кызматкер.

Ал окуучулук кезинен эле айтылуу рок топторунун чыгармаларын угуп келгенин айткан.