Көкөмеренге кулаган унаа: аткаминердин жубайынын сөөгү табылды

Автоунаасы менен дарыяга кулап, агып кеткен үй-бүлө мүчөлөрүн 10 күндөн бери издеп жатышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Автоунаасы менен Көкөмерен дарыясына кулап, агып кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон. Эки күндөн кийин аткаминер менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышкан. 4-июлда кечинде 8 жаштагы небересинин сөөгүн табышкан.

Аткаминердин жубайы менен уулунун сөөгү 10 күндөн бери изделип жаткан.

"Бүгүн, 10-июлда, издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 102 куткаруучу тартылган. Саат 17:20да Арал айылынан эки чакырым алыстыктагы Көкөмерен дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды. Издөө иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Сууга түшүп кеткен аткаминердин кызы элден жардам сурады. Кырсыктын чоо-жайы
Тинатин Шадыканова эки жогорку билимдин ээси: биринчиси — кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим, экинчиси — юрист. Эмгек жолун бала бакчадан, жогорку окуу жайларында мугалим болуп баштаган. 2003-жылы жаңы ачылган Заманбап маалыматтык технологиялар жана билим берүү институтуна (ИСИТО) жумушка орношуп, жетектөөчү адис, бөлүм башчы, декан кызматтарын аркалаган. Акыркы кезде окуу иштери боюнча проректор болуп иштеп жаткан.