Мэрия: быйыл Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылбайт

Муниципалитет анын себебин түшүндүрүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Быйыл Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Шаардын парктары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева билдирди.

Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу
Жыл сайын Кара-Жыгач токоюнда жайгашкан Пионер жана Комсомол көлдөрүндө сууга түшүү сезону июнь айынын башында ачылат. Бирок аталган эки көлмө тең ачыла элек. Ал эми мэрия Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун сунуштары аткарылбай, куткаруу каражаттары сатылып алынбагандыктан сууга түшүү сезонун ачуу создуктурулуп жатканын белгиледи.

"Комсомол көлүн ача албайбыз, анткени анын түбүн тазалоо боюнча тийиштүү талаптар аткарылбай жатат. Ал үчүн алты миллион сом керек. Азыр кийинки сезонго даярданып жатабыз", — деди Умуралиева.

Анын айтымында, Пионер көлмөсүнө тийиштүү каражаттар алынып, куткаруучулар тандалды. Учурда алар даярдыктан өтүп жатышат. Көлмө шаардыктар үчүн 15-июлдан тарта иштей баштайт.