Кыргызстан менен Швейцариянын президенттери кол койгон документтердин тизмеси

Расмий сапардын алкагында беш документке кол коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Швейцариянын башчысы Ули Маурер бир катар документтерге кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков Швейцарияда расмий сапары менен жүрөт. Өлкө башчылары эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.

Кол коюлган документтер:

— "Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү" экономикалык долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат
— "Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү» долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— "Кыргызстандын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө" долбоору боюнча Кыргызстандын Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргызстан менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария конфедерациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— "Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.