Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү

Жаңы документтер августта берилип баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү кандай болорун көрсөтүштү. 

Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү

Учурда эскиздердин үлгүсүн макулдашуу жана бекитүү иштери аягына чыгып калды. 

Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү

Каттоо кызматынын билдиргенине караганда, жаңы үлгүдөгү документтер Жол кыймылы боюнча 1968-жылы 8-ноябрда кабыл алынган Вена конвенциясынын талаптарына жооп берет. Ал жердеги маалыматтар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылат. 

Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү

Жаңы документтин өзгөчөлүктөрү:

  • Бланк А6 көлөмүндөгү кагазда. Ал А7 көлөмүндө болуп, бүктөлөт;
  • Жаңы бланкаларды сапаты жакшы жана жасалмасын чыгаруу кыйындыкка турат. 20га чукул коргоо элементтери бар;
  • Документте мамлекеттик символикалар жайгаштырылган, бирок алар күнгө салып караганда гана байкалат;
  • Инфракызыл шоолага салып караганда көрүнө турган ультра сыя көк түстөрдөн турган талчалар чапталган. Алардын бир катарлары ар кыл түстө;
  • Мамлекеттик гербдин сүрөтү голограмма менен түшүрүлгөн;
  • Бланкадагы жеке маалыматтар атайын пленка менен корголуп жайгаштырылган;
  • Мындан сырткары, полиграфиялык жактан корголгон бир нече элементтер бар.

Аталган ведомстводон жаңы документтер августта берилип баштарын айтышты.