Казакстандын билим берүү министринин орун басары соттолду

Сот прокурордун айыптоолорун негиздүү деп тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Казакстандын билим берүү министринин орун басары Элмира Суханбердиевага карата соттун өкүмү чыкканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кызматтан алууга негиз жок! Кудайбердиева боюнча спикердин пикири видеодо
Сот прокурордун койгон бардык айыптарын негиздүү деп тапты. Ошентип Суханбердиевага 16,2 миң доллар айып салынып, 30 миң долларлык үй-мүлкү камакка алынды. Эми ал өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орундарда иштей албайт.

Суханбердиева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана ишкердик менен мыйзамсыз алектенген деп айыпталган.