Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Сүрөт

Кагышкан эки автоунаа тең жолдон чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда фура менен минивэн кагышып, эки киши көз жуумп, дагы алты адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Жол кырсыгы Кара-Көл шаарынан анча алыс эмес жерде, Бишкек — Ош трассасынын 200-379-чакырымында 9-июль күнү саат 15:30да болгон. Renault Premium 410.18 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Бишкектен Ошту көздөй арматура ташып бараткан. Жолдон Volkswagen Transporter менен кагышып кетип, эки автокөлүк тең жолдон чыгып кеткен.

Автокырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү жеринде мүрт кеткен. Айдоочу менен беш жүргүнчү Кара-Көл шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.