Атамбаев кайрадан суракка чакырылды. Сүрөт

Атамбаев биринчи чакырууга барбай койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге милиционерлер суракка чакырган экинчи кагазды тапшырды.

Бүгүн, 10-июлда, эки укук коргоочу саясатчынын Кой-Таштагы үйүнө барып чакыруу кагазын таштап кетишкен. 

Атамбаев кайрадан суракка чакырылды. Сүрөт

Абактагы Салянованын абалы кандай экени айтылды
8-июлда Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары суракка чакырылган. Бирок мамлекеттин мурдагы башчысы "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Ал ошондой эле суракка чакырган документти көрбөгөндүгүн жана кагаздар юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесаревге берилгендигин кошумчалаган.

Кыргызстанда күбөнү кайсы учурда мажбурлап суракка алып келүүгө болорун Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.