Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан Чолпон-Атадагы кырсыктын видеосу

Чолпон-Атада Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан кырсыктан кийинки учурду күбөлөр видеого тартып алган. Ал унаалардын биринде депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков да болгон.
Sputnik

Кадрдан Lexus ES 330 машинасынын каптал тарабы мыйрыйып, ал эми BMW Х-7 унаасынын алды жагы талкаланганын көрүүгө болот.

Бишкекте автоунаа кишини 15 метрдей сүйрөп кетти. Кырсыктын сүрөт, видеосу
Ошондой эле видеодо BMW Х-7 унаасынын мамлекеттик номеринин бир тарабы Кыргызстандыкы, экинчи тарабын караганда болжол менен Россияныкы экени көрүнүп турат.

Эскертке кетсек, окуя 7-июль күнү таңга маал Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында болгон. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берген. Дагы эки жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилген. Алардын бири ошол күнү, экинчиси 9-июлга караган түнү көз жумган.

Кырсыктан жабыркаган дагы эки жаран Чолпон-Ата шаардык ооруканасына түшүп, биринчи жардамды алгандан кийин Бишкекке алып келинген. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин кичүү уулу Темирлан Токобеков экени маалым болду. Учурда анын абалы оор.