"Келиңиз, сүйлөшөлү". Зеленский Путинди расмий түрдө жолугушууга чакырган видео

Путин буга чейин Зеленский менен бир кездерде таанышууга үмүт кыларын, бирок азыр аны жакшы актер катары гана тааный турганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский россиялык кесиптеши Владимир Путинди Минск шаарында жолугушууга чакырды. Зеленскийдин өз элине кайрылуусу дүйшөмбү күнү интернетке жарыяланган. Анда Россия президентине чакыруу таштаганын дагы көрүүгө болот.

"Сүйлөшөлү, Крым кимдики экенин, Донбасста кимдердин жок экенин талкуулайлы. Бул жолугушууга АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франциянын лидерлери катышсын. Жолугушууну Минск шаарында өткөрүп алууга Лукашенко каршы болбосо керек", — деген Зеленский.

Эске салсак, июнь айынын башында Путин Зеленский менен бир кездерде таанышууга үмүт кыларын, бирок азыр аны жакшы актер катары гана тааный турганын айткан эле.