Депутаттын уулу аралашкан кырсык. BMW X7 автоунаасынын эки номери болгонбу?

Жол кырсыгы 7-июлда болуп, Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаанын негизги мамлекеттик номеринен тышкары Россиянын мамлекеттик номери да болушу мүмкүн.

Депутат Абжалиевдин баласы катышкан жол кырсыгы. Жаңы жагдайлар
Кырсыктын видеосунда аны тартып жаткандар BMW X7ге тагылган номерди кармалап аңтарганда A 365 ET 763 деп жазылган номерди байкоого болот.  

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берсе, дагы экөө ооруканада көз жумган. Автокырсыкка кабылган BMW автоунаасынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да болгон. Кырсыктан кийин тартылган видеодо жол тандабастын негизги номеринин алдында дагы бир номер бар экенин көрүүгө болот.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев бул окуяны жасалма номерди пайдалануу катары баалоого болорун айтты.

Анын айтымында, алдын ала маалыматта BMW үлгүсүндөгү автоунааны Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап келе жаткан. Токобеков автоунаанын ичинде болгон.