Токмоктогу тойдо уулангандардын саны 174кө жетти. Негизги себеби аныкталды

Изилдөө учурунда тамак-аш менен идиш-аяктардын үлгүлөрү алынып, бейтаптардын анализи да текшерилген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Токмоктогу тойдон кийин дарыгерлерге кайрылгандардын саны 174кө жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 29-июнда Токмоктогу тойканалардын биринде үйлөнүү той болгон. Алгач ууланды деп 67 киши кайрылса, кийин алардын саны 117ге жеткен болчу.

"Жалпысынан 174 киши дарыгерге жардам сурап кайрылса, анын 78и ооруканага жаткырылган. Алардын баарына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда 10 адам жатып дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Тажикстанда соттолгон 14 киши нанга ууланып каза болду
Изилдөө учурунда тамак-аш менен идиш-аяктардын үлгүлөрү алынып, бейтаптардын анализи да текшерилген. Уулануу сальмонеллёз бактериясынан улам болгону аныкталган.

Той өткөн "Мегаполис" рестораны Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин талаптарын толук аткарганга чейин кайра ишке кирбей турган болду.