Кишинин тамагына кирип алган сүлүк курттун видеосу. Кытайдагы окуя

Кытайдын Гуйчжоу провинциясында дарыгерлер адамдын кекиртегине кирип кеткен сүлүк куртту таап чыкты. Бул туурасында Daily Mirror жазды.
Sputnik

Медицина кызматкерлери сүлүк куртту атайын аппараттын жардамы менен алаканга салгандай кылып көрүп, андан соң сууруп чыккан видео тарады.

246 пакет кокаинди жутуп алган япониялык киши учакта жан берди
65 жаштагы аял ыкшыган жөтөл жана жан чыдатпаган оорудан улам дарыгерлерге кайрылган. Медиктер бронхоскопия менен анын дем алуу органдарын текшерип бара жатып, аялдын тамагына жеткенде эки сантиметр курт өңдүү жаныбарды байкаган. Бир нече убакыттан кийин алар сүлүк куртту алып чыккан.

Дарыгер алгач, курт адамдын тамагына зыян келтирбеш үчүн тоңдуруп туруп алып чыгууну чечкен. Андан соң дыкаттык менен сууруп чыгып, жаракат алган жерди тазалап чыкан.

Аял фермада иштегендиктен сууну ылгабай, тазалабай эле иче берчү адаты бар экендигин айтып берген.

Буга чейин интернет айдыңына Тайвандын жашоочусу зымы жок Apple AirPods кулакчынын жутуп алган кабар тараган.