Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя

Көчөдө ээси жок турган рюкзакты көргөн шаардыктар полицияга кабарлашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Шымкентте 11 жаштагы окуучу кыз унутуп жолго таштап койгон рюкзак үчүн шаардын борбордук эки көчөсү курчоого алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Балкондон ашыгына түшөм деп үйдөгүлөрдү коркутуп... Актаудан тартылган видео
Окуя өткөн ишемби күнү болгон. Көчөдө ээси жок турган рюкзакты көргөн шаардыктар "анда жарылуучу зат болушу мүмкүн" деген ой менен 102ге чалышкан.

Полиция аталган аймакты курчоого алып, сумканы ачып көргөндө ичинде шариктен башка эч нерсе болгон эмес. Көрсө, аны ойноп жүргөн кыз унутуп кеткен экен.

Кийин рюкзактын ээси ата-энеси менен биргеликте полиция бөлүмүнө алынып келип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анткени кыздын буга чейин дагы коомдук жайларга буюм-тайым, баштыктарын унутуп кеткен учурлары болгон.