Депутаттын баласы катышкан автокырсыкта талкаланган Lexus менен BMW. Сүрөт

Президенттин кудасы, ЖКнын депутатынын баласы катышкан Чолпон-Атадагы жол кырсык төрт кишинин өмүрүн алды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясына Чолпон-Атада талкаланган Lexus менен BMW автоунааларынын сүрөтү келип түштү.

Эске салсак, 7-июль күнү Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берсе, дагы экөө ооруканада көз жумган. Автокырсыкка кабылган BMW автоунаасынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да болгон. Кырсыктан кийин тартылган видеодон жол тандабастын негизги номеринин алдында дагы бир номер бар экенин көрүүгө болот.

Депутаттын баласы катышкан автокырсыкта талкаланган Lexus менен BMW. Сүрөт

Алдын ала маалыматтарга караганда, BMW автоунаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Х. Э. аттуу жаран айдап бара жаткан. Ал эми Токобековдун арткы орунда отурганы айтылууда.