Батукаевдин иши: сот Жапар Эрматов кызматтан убактылуу четтетилди

Эрматов "кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иштерине катыштыгы бар" дегендердин катарында.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы Жапар Эрматов президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, КРдин Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Эрматов "кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иштерине катыштыгы бар" дегендердин катарында. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, Эрматов 2013-жылы 9-апрелде №4 СИЗОнун башчысынын милдетин убактылуу аткарган жетекчинин Батукаевди 8 жыл 3 ай 7 күнгө эркинен ажыратуу жазасын жокко чыгаруу боюнча билдирүүсүн караган. Сот бул ишти сот өндүрүшүнө албашы керек болчу, анткени ал мекеменин жетекчиси тарабынан эмес, анын жардамчысынын милдетин аткаруучу тарабынан сунушталган.

Сотко карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренеси ("Билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу") жана 319-берене ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон. Жеке булактардын берген маалыматы боюнча, ал үй камагында

Батукаевдин иши

Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин
Эске салсак, Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Ушундан кийин Азиз Батукаевди бошотууга тиешеси бар деп шектелген дарыгер, сот, аткаминерлер биринен сала бири кармалууда.