Депутат Абжалиевдин баласы катышкан жол кырсыгы. Жаңы жагдайлар

Кырсык болгон жерден жеңил автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болуп, дагы эки киши ооруканадан жан берген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов адам өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайын айтып берди.

Усубакунов эки автоунаа тең бир багытты көздөй бара жатканына токтолду.

"Lexus жеңил автоунаасы BMW X-7 машинасынын алдында бараткан. Алдын ала маалымат боюнча, жол тандабас жеңил автоунаа кайрылып жатканда барып сүзгөн", — деди Усубакунов.

Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан Чолпон-Атадагы кырсыктын видеосу
Учурда укук коргоо органдары экспертизалардын жыйынтыгын күтүп жатат. Ал чыккандан кийин жол кырсыгынын чыныгы күнөөкөрү аныкталат.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берсе, дагы экөө ооруканадан көз жумган. Ал эми эки жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилген.