Кыргызстанга Кореянын атырларын документсиз алып кирген киши кармалды

Мыйзамсыз алынып келе жаткан товардын жалпы суммасы 2 миллион сомду түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан Кыргызстанга керектүү документтери жок корей өндүрүшүнөн чыккан парфюмерияны алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Аткезчилердин 5 млн. долларын каракташмак. УКМК милиционерлер тууралуу
Ага ылайык, окуя 7-июлда болгон. Мыйзамсыз алынып келе жаткан товардын жалпы суммасы 2 миллион сомду түзөт.

Текшерүү учурунда парфюмерия каражаттарынын орус жана кыргыз тилиндеги аннотациясы менен акциздик маркалары жок болуп чыккан.

Андан сырткары, айдоочунун жанында жүккө берилчү уруксат кагаздары да болгон эмес. Тийиштүү документтер толтурулган соң жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнө тапшырылган.