Жет Ли катышыптыр. "Мулан" киносунун биринчи трейлери чыкты

Walt Disney Studios компаниясы мурдагы, тагыраагы, 1998-жылы чыккан мультфильмдин негизинде тартылган "Мулан" кинотасмасынын биринчи трейлерин жарыялады.
Sputnik

Ролик киностудиянын YouTube каналына жайгаштырылган.

Ди Каприо менен Брэд Питт катышкан Тарантинонун жаңы тасмасынын трейлери чыкты
Фильмдин сюжети ак көңүл кытай кызынын тегерегинде өнүгөт. Ал оорулуу атасынын ордуна көчмөн гунндар менен кошо согушка аттанат. Мулан колуна кылыч кармап кармашуу үчүн эркекче кийинип чыгат.

Башкы ролго кытайлык актриса Лю Ифэй тартылган. Жол башчы Тунгдун ролун Донни Йен ойногон.

Кытайдын императорунун ролун атактуу актёр Жет Ли ойногон.

Кино көрүүчүлөргө 2020-жылдын 27-мартында тартууланат дешти. Картинага Ники Каро режиссёрлук кылган.