Радио

Мамадиева: кыргыз кыздарына ачык түстөгү чач жарашат

Стилист-чачтарач Айдай Мамадиева кыздар чач боёодо көзү-кашынын өңүнө жана бет түзүлүшүнө көңүл буруусу зарыл экендигин айтты.
Sputnik
Мамадиева: кыргыз кыздарына ачык түстөгү чач жарашат

Кыргыз кыздарынын баарына ачык түстөгү чач жарашат. Мындай пикирин Айдай Мамадиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алардын чач түзүлүшү башка улуттардыкына караганда катуураак келет.

"Учурда чачты боёодо эч кандай чек жок. Каалаган түскө өзгөртүп алуу мүмкүнчүлүгү кенен. Негизи кыргыз кыздарына ачык түстөгү чач жакшы жарашат. Бирок алардын чачтарынын түзүлүшү катуураак болгондуктан, боёп жаткан учурда бир аз кыйынчылык жаралат. Көпчүлүк кыздар туура эмес техниканы же болбосо сапаты начар боёкторду колдонуп алып, өздөрүнө жарашпаган түс чыгып калган учурлар да бар. Ошондуктан чачты боёгонго келгенде стилист кардардын каалоосун эске алуусу шарт", — деди Мамадиева.

Ошондой эле ал боёлгон чачтарга үй шартындагы ар кандай маскаларды жасоо туура эмес экенин кошумчалады.