Бишкекте Борбор Азия боюнча байгеси чоң болгон марафон өтөт

Марафонго катышам дегендер бир, 14 жана 21 чакырым аралыкка чуркайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. 15-сентябрда Бишкек шаарынын көчөлөрүндө "Ак илбирсти сактайлы" деген эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Аны "Номад Спорт" коомдук фондусу, Ак илбирс менен ал байырлаган аймагын сактоо боюнча глобалдык программасы (GSLEP) уюштуруп жатат.

Марафонго катышам дегендер бир, 14 жана 21 чакырым аралыкка чуркайт. Аны басып өткөндүн ар бирине медаль берилет.

Ысык-Көлдү уктабай айлана чуркап өткөн улук сержант сыйланды
Каттоо 8-сентябрга чейин болуп, катышуучулардын саны 5 миңге жеткенде токтойт. Чуркайм дегендер сайт аркылуу же "Номад Спорт" уюмунун Токтогул көчөсү 171/1 дарегиндеги кеңсесине барып катталса болот. Катталуунун баасы чуркай турчу аралыкка, катталган учуруна жараша 400 сомдон 6 миң сомго чейин жетет. 65 жаштан жогоркуларды каттоодо 40 пайыз жеңилдик каралган.

Марафондун жалпы байге фондусу 4,5 миллион сомду түзөт.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранан медиа өнөктөшү.