Апта ирмеми: Мексиканын муз алдында калган шаарынан чакадагы балага чейин

Sputnik

Күндүн толук тутулганына эл күбө болду.

Мексиканын Гвадалахара шаарында мөндүр аралаш катуу жаан жаап, жердин бетин бир метрге чейин жеткен муз каптады.

Мээ кайнаткан ысыкта Бишкектин тургундары кантти? 10 сүрөт
Владимир Путин расмий сапары менен Италияга барды.

АКШда Көз карандысыздык күнү белгиленди.

Кытайдын түндүк-чыгышы торнадодон жабыркады.

Франциянын Ле Дорате шаарында кой кыркуу боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Ал эми Парижде салтка айланган жогорку мода жумалыгы орун алды.

1 / 21
Мексиканын Гвадалахара шаарында мөндүр аралаш катуу жаан жаап, жердин бетин бир метрге чейин жеткен муз каптады.
2 / 21
Georges Hobeika мода үйү өз коллекциясын көрсөттү.
3 / 21
"Ала-Тоо" аянтындагы фонтандын жанында ысыктан коргологон кичинекей кыз.
4 / 21
XVIII Панамерика оюндарынын отун күйгүзүү аземи. Теотиуакана (Мексика).
5 / 21
Күндүн толук тутулганын Латын Америка өлкөлөрүндө жашагандар көрө алды.
6 / 21
Американын көз карандысыздык күнүн белгилөө. Кол чатыр көтөргөн аялдар.
7 / 21
Германиядагы пляждан бир көрүнүш.
8 / 21
Мумбайдын деңиз жээги.
9 / 21
Кытайдын түндүк-чыгышындагы торнадонун кесепеттери.
10 / 21
Тель-Авив шаарында (Израиль) каршылык көрсөткөндөр кармалды.
11 / 21
Индуисттердин лагери. Шиванын касиеттүү үңкүрүн көрүүгө келгендер.
12 / 21
Россиянын президенти Владимир Путин, Рим.
13 / 21
Сан-Фермин фестивалынын ачылышында жаныбарлардын укугун коргогондор букаларды уруштурууга каршы чыгышты.
14 / 21
Стромболи жанар тоосу атылды, Италия.
15 / 21
Францияда кой кыркуу боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
16 / 21
Деңиздеги устрица фермасы, Франция.
17 / 21
Сочидеги "Роза Хутор" тоо лыжа базасында селкинчек тээп жаткан кыз.
18 / 21
Гонконгдо каршылык акциясына чыккандар Мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратына кирүүгө аракет кылышты.
19 / 21
Шереметьево (Москва) аэропортунан Vietnam Airlines авиакомпаниясынын учагын тосуп алышты.
20 / 21
Крикет боюнча дүйнө чемпионаты учурунда аянтка чуркап чыккан киши полиция тарабынан кармалды.
21 / 21
Ченнаи аймагында аял суу алгандан кийин баласын чакага салып алып келе жатат.