Кудум Шевченкодой! Нуньестин атаандашын бетке тепкен видеосу

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко дал ушундай ыкма менен Жессика Айды ай-буйга келтирбей сулаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Аманда Нуньес атаандашы Холли Холмду бет талаштыра жыга тээп, жеңил салмактагы категорияда титулун сактап калды.

Беттештин жеңиштүү мүнөттөрү аталган уюмдун Twitter-аккаунтуна жарыяланган.

Атаандаштардын кармашы UFC 239 турниринде Лас-Вегас шаарында болгон. Ал биринчи раундда эле бразилиялык спортчунун буту атаандашынын бетине "шак" дей түшкөн.

​Жыйынтыгында Нуньес жеңүүчү болгон.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык спортчу кыз Валентина Шевченко дал ушундай ыкма менен Жессика Айды ай-буйга келтирбей сулаткан. Муну менен UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Бул нокаут социалдык тармакта кеп-сөз болуп, негизинен спортчу кыздын ыкмасына суктангандар арбыган.

​Ошондон бери ал "Нуньес менен бүтө элек иши" бар экендигин айтып келет. Жакында эле бразилиялык мушкер Нуньес Валентина Шевченко менен жеңил салмактагы категорияда титулун коргогон кармаш өткөрүү туурасында сөз кылган.