Ысык-Көлдө BMW менен Lexus кагышты. Эки адамдын өмүрүн алган кырсыктын сүрөттөрү

Учурда жол кырсыктан жабыркагандардын ким экени такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайынан BMW Х-7 үлгүсүндөгү машинасы менен Lexus үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, эки киши каза болуп, эки киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көлдө BMW менен Lexus кагышты. Эки адамдын өмүрүн алган кырсыктын сүрөттөрү

Ага ылайык, жол кырсыгы 7-июлда түнкү саат 04:45тер чамасында болгон. Кырсык болгон жерге Ысык-Көл ОИИБ менен Ысык-Көл РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен бирге барган.

"BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа күн чыгыштан батышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен бетме-бет кагышкан. Анын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берген. Ал эми эки жүргүнчү оор жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда алардын ким экендиги такталууда", — деп айтылат.

ЖКККББнын маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча дагы кабар бериле турганын билдирди.