Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салды

Премьер-министрдин апасы Жеңилдик Абылгазиева 85 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы көз жумду. Аны өкмөттүн маалымат кызматы тастыктап берди.

Ага ылайык, премьердин энеси Жеңилдик Абылгазиева оорудан улам 85 жашында дүйнө салган. Ал Бишкекте Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда болчу.

Өкмөт башчынын апасынын сөөгү Кочкор районунда 9-июль күнү жерге берилет.