Бири-бирине атырылган Месси менен Медель оюндан четтетилди. Видео

Окуя үчүнчү орун үчүн болгон беттеш учурунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Аргентина менен Чилинин курама командаларынын оюнчулары — Лионель Месси менен Гари Медель Америка кубогунун беттеши учурунда бири-бирине атырылганы үчүн оюндан четтетилди.

​Үчүнчү орун үчүн болгон беттеш Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өткөн. Биринчи таймда Месси менен Медаль бири-бирин жөөлөп, жакалашып кете жаздаган. Оюнга көз салган калыс эки футболчуга тең кызыл карточка берип, оюндан четтеткен. Аргентинанын курама командасынын негизги чабуулчусу Месси оюндан чыгарылганына карабастан эсеп 2:1 эсебинде аргентиналыктардын пайдасына аяктаган.

Бүгүн, 7-июлда, биринчи орун үчүн Бразилия менен Перунун оюнчулары беттешет.