Жээнбеков Назарбаев менен телефондон сүйлөштү

Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда төрөлгөн. Быйыл 79 жашка чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу баарлашканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

"Өлкө башчысы элбашынын өлкөлөр ортосундагы бир туугандык мамилелерди союздаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана ынак коңшулуктун духунда өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү ролун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев 1940-жылы 6-июлда төрөлгөн. Быйыл 79 жашка чыкты. Элбашынын туулган күнү менен бирге Казакстанда Нур-Султан шаарынын күнү да расмий белгиленип жатат.