Жээнбеков: ар бир адамды дарыгер жана медайым менен камсыз кылуу зарыл

Мамлекет башчы ак халатчандарды куттуктады.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көрөсүздөр. Сиздердин эмгегиңиздер менен Кыргызстан наристелер өлүмүн үчтөн экиге кыскартып, миң жылдыктын өнүгүү максатына жетишкен 62 өлкөнүн бири болду. Бирок алдыда жасала турган иштер али көп", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент алдыда саламаттыкты сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын киргизүү милдети тургандыгын белгилеген.

Батукаевден "рак" тапкан дарыгер үй камагына чыгарылганы айтылды
"Биздин милдет — саламаттыкты сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү. Жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, калктын бардык катмарын медициналык тейлөө менен камсыз кылуу. Жакынкы жылдарда ар бир адамды, ар бир үй-бүлөнү үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым менен камсыз кылуу зарыл. Бул максатка жетүү үчүн өзгөчө айылдарда ФАПтардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун саны көбөйтүлөт. Алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот. Оору-сыркоолордун алдын алуу иштерин кеңири жайылтуу керек. Сергек жашоо образы, дени сак муунду тарбиялоо мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш", — деген мамлекет башчы.

Жээнбеков медицина кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш, иштерине албан ийгиликтерди каалады.