Текебаев камактан чыгып келип, кайненесине топурак салды. Сүрөт

Айгүл Текебаеванын энеси кечээ каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери, камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн кайненесине топурак салды. Бул туурасында "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди.

Текебаев камактан чыгып келип, кайненесине топурак салды. Сүрөт

Эске салсак, Айгүл Текебаеванын энеси кечээ каза болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында болду.

"Ал (Текебаев — ред.) бүгүн келди, азыр сөөктү алып чыгып жатышат. Кечки алтыга чейин уруксат берилиптир" — деди Сасыкбаева.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Абактагы Садыр Жапаров апасына топурак салуу үчүн айылына барды. Сүрөт
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Камакта жаткан Текебаев 31-майда Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген болчу. Андан кийин Бишкектин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.