Ошто автоунаа каналга кулап кетти. Сүрөт

Маалыматтарга караганда, автоунааны 1972-жылы туулган жаран айдап бара жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. - Sputnik. Ош шаарында айдоочу башкарып бара жаткан Daewoo Matiz автоунаасы менен кошо каналга түшүп кетти. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Окуя бүгүн күндүз болгон. Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу барган.

Маалыматтарга караганда, автоунааны 1972-жылы туулган жаран айдап бара жаткан. Бактыга жараша, ал киши тирүү калган. Сууга кулаган автокөлүктү да тартып чыгарышкан.