Нарында эл аралык эр таймаш боюнча турнир өтөт

Спорттук иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бүгүн, 6-июлда, Нарын облусунун Куланак айылында "Кулатуу Эртаймаш WEF 81 PROFGIGHT 34" боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Чехияда чемпион болгон ата-баланы Ош шаарынын мэри сыйлады
Спорттук иш-чара президенттин жарыялаган региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналып, аймактарда жашаган жаштарды спортко жана дени сак жашоого үндөө максатында өткөрүлөт.

Аталган эл аралык турнир Нарын облусунун "Кулатуу Эртаймаш WEF" федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускуловдун колдоосу менен өткөрүлүүдө.