Радио

Курманов: электрондук почта колдонууда үч эрежеге көңүл буруу зарыл

Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов электрондук почта колдонууда коопсуздукту сактоо сырларын айтып берди.
Sputnik
Курманов: электрондук почта колдонууда үч эрежеге көңүл буруу зарыл

Электрондук почта колдонууда өтмө шифрлөө почтанын кимдир бирөө тарабынан бузулуусунан жана орто жолдо билдирүүлөрдүн кармалып калуусунан сактайт. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам катталып жаткан почта атайын мамлекеттик мекемелер менен кызматташпаган компания болушу шарт. Болбосо атайын кызматтар почта аркылуу жиберип жаткан бардык билдирүүлөрдү ачып окууга мүмкүнчүлүк алат.

"Электрондук почта пайдаланууда кантип коопсуздукту сактасак болот деп көп кайрылышат. Алардын башкы үч эрежесине токтолоюн. Почтада өтмө шифрлөө болгону жакшы. Бул маалыматтарды үчүнчү жактардан коргойт. Ошондой эле почтаңыздын конфиденциалдуулугу почта кызматкерлеринин өзүнөн да корголууга тийиш жана ал мамлекеттик атайын кызматтарга колдонуучулардын почталарына кирүүгө уруксат бербеген компания болушу керек. Мындан сырткары, почтаңызда спамдан коргоо, кара тизмеге киргизүү, көп факторлуу аутентификация, почталык антивирус жана өзү жоюлуп калуучу билдирүүлөр кызматтары болушу керек", — деди Курманов.

Ал почта колдонуучулары жөнөкөй кибер гигиенасын сактоо менен өз электрондук куржундарынын коопсуздугун камсыздай аларын кошумчалады.