Ооруканада эсине келбей көз жумган Нигерия жаранынын сөөгү Бишкекке коюлат

Чет элдик жаран 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанынан сабалган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанында келтек жеп, ооруканада өзүнө келбей каза болгон Нигериянын жараны Али Абубакардын сөөгү Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу ал жетектеп келген Cambridge School мектебинен билдиришти.

"Бүгүн жума намаздан кийин сөөк Арча-Бешиктеги көрүстөнгө коюлат. Атасы да зыйнатка келери айтылган, бирок виза маселелеринен улам ал да так эмес. Бирок бул жакта иниси бар, тажияга ошол бир тууганы катышат", — дешти мектептен.

Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанынан болгон. Чет элдик жаранды жанындагы киши бир чаап, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкон. Жабырлануучу реанимацияда комага түшүп, абалы оор болчу. 

Кийин кылмышка шектүү 22 жаштагы киши кармалган.