Молдомуса Конгантиев күнөөсүз деп табылды

Конгантиев 2010-жылкы ыңкылаптан кийин КРдин Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренеси боюнча айыпталган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деп тапты.

Экс-министрге 2010-жылкы ыңкылаптан кийин КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу", "Шалаакылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

"Соттордун кудайы" атанган Манас Арабаев үй камагына чыгарылды
Сот отуруму учурунда прокурор экс-министрди алты жылга эркинен ажыратууну, 100 миң сом айып салууну, ошондой эле эки жыл бою эч бир кызматка барбасын деп сураган.

Бирок сот Конгантиевди күнөөсүз деп таап, сыртка чыкпоо жана мүлкү камакта турсун деген чечимди жокко чыгарды.

Өткөн жылдын июнь айында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес" деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

Кийин Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага Конгантиевдин ишин карап чыгып, укуктук баа берүүнү тапшырган. Ошентип, 2018-жылдын декабрь айында Башкы прокуратура УКМКнын чечимин четке кагып, иш жанданган. Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту ишти карай баштаган.