БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Хан-Теңири" лагеринде барымтага алынган 48 жаштагы аял бошотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө 4-июлда болжол менен саат 12:20лар чамасында билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бөлүгүнөн белгисиз адам Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин башчысынын 49 жаштагы А.Д. аттуу орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып салганы маалымдалган.
Шектүү жаран буга кошумча ошол жердеги кара тумоого каршы мекеменин кызматкерин — 48 жаштагы аялды барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткени айтылган.
Кырсык болгон жерде Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы аскерлери киши өлтүргөн адамды кармоо боюнча атайын аракеттерди көрүп жатат. Кырсык болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов келип, атайын операцияга баш-көз болууда.