БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркты оңдоо жана жазуучунун эстелигин коюу үчүн жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси, башкы архитектор Асхат Түлөбердиевдин төрагалыгы алдында калыстар тобу ачык конкурстун жыйынтыгын чыгарган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен скульптор Азамат Абдраимов биринчи орунду, Эмил Турдалиев экинчи, Тамил Мамытов үчүнчү орунду алды.
Калыстар үч жеңүүчүгө биргеликте иштөөнү сунуштады.
Мэриянын билдиришинче, биринчи орунга 150 миң сом, экинчиге 100 жана үчүнчү орунга 50 миң сом каралган.
Жеңүүчүнүн иши шаар куруу кеңешинин жыйынына чыгарылат.