"Соттордун кудайы" атанган Манас Арабаев үй камагына чыгарылды

Арабаев 4-июнда райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Манас Арабаевди үй камагына чыгарды. Мындай чечим райондук соттун бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

Эске салсак, Арабаев 4-июнда райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынган болчу.

Арабаев 2-июнда кармалып, коррупция беренеси боюнча айыпталууда. Бүгүн Биринчи Май райондук сотуна баш коргоо чарасын кароо үчүн алып келинген.

"Наалат!" Камакка алынган Манас Арабаев сотко алынып келген видео
УКМК тараткан маалымат боюнча, Арабаев чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы айтылууда.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, "Коррупция" беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Эске салсак, Манас Арабаев ээлеген кызматынан 2018-жылы 15-майда бошотулган.

Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттин аппаратындагы Манас Арабаев соттор үчүн кудайдай эле болуп калганын айтып, сынга алган болчу.