ЦУМдун жанынан сабалган Нигериянын жараны каза болду

Окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында сабалган Нигериянын жараны каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкекте эки баланы сабап, биринин кулагын жабыркаткан киши камакка алынды
Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанынан болгон. Чет элдик жаранды жанындагы киши бир чаап, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкон. Жабырлануучу реанимацияда комада жатып, абалы оор болчу.

Кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге чет элдик жаранды сабаган жаранды табууну тапшырган. 

Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган

Маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директорлугун аркалап, англис тилинен сабак берчү.