Кеминде уюн куткарам деген киши өзү сууга агып кете жаздады. Сүрөт

Кишини ӨКМдин сегиз кызматкери куткарды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Кемин районунда сууга агып кете жаздаган адамды аман алып калышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 100-чакырымында, Сасык-Булак айылына жакын жерде болгон. Киши суу шар аккан каналдан уюн алып чыгууга аракет жасап жатып өзү кулап кеткен.

Жерине келген сегиз куткаруучу кишини аман алып калышкан. Жабырлануучу Кемин райондук ооруканасында жатат, абалы туруктуу.