Быйыл 12 жаңы конуш толук электр энергиясы менен камсыздалат. Сүрөттөр

Жумуштардын көбүн 1-августка чейин бүтүрүү пландаштырылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын эсебинен Бишкектеги 12 жаңы конуш толук электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушу тапта тийиштүү иштер Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Ак-Бата, Дордой, Ак-Тилек-2, Кайыңды, Учкун, Энесай, Рухий Мурас жана Мурас-Ордо конуштарында жасалып жатат.

"Жумуштардын көбүн 1-августка чейин бүтүрүүнү пландаштырып жатабыз. Долбоордун жалпы баасы 67,5 миллион сом болду. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү", — деп айтылат маалыматта.

Электр энергиясын конуштарга жеткирүү иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.