Ээрчишкен илбирстер! Нарын коругунда фотокапканга түшүп калган жаныбарлар

Коруктагы фотокапкандарга ак илбирс, бугу, кескелдирик, кулжалар түшүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы корголгон жаратылыш аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө. Бул туурасында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеме мындай билдирүүнү Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапкандарга түшкөн жаныбарлардын сүрөттөрү менен далилдөөдө.

"Жапайы жаныбарларды көзөмөлдөп, анын санын мониторингдөө үчүн 2019-жылдын башында коруктун аймагына 10 фотокапкан орнотулган. Өткөндө коруктун бардык аймагына дагы 10 фотокапкан койдук. Ага ак илбирс, бугу, кескелдирик, кулжалар түшүп калган", — деп жазылат маалыматта.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 105,5 миң гектарга жетет. Анын аймагында Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү канаттуулардан тарта ак илбирс, аюу, бүркүт, сүлөсүн, суусарды да кезиктирүүгө болот.