Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 8 тепкичке көтөрүлдү

Аналитиктер жалпысынан 207 мамлекеттеги интернетке байкоо салышкан. Алар жалпы орточо ылдамдыкты акыркы 12 ай ичинде аныкташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнө өлкөлөрү арасындагы рейтингде 155-орунду ээледи. Мындай жыйынтыкты британиялык Cable.co.uk аттуу компания жарыялады.

Былтыркы рейтингге салыштырмалуу Кыргызстан 163-орундан 155-орунга жылып, сегиз тепкичке көтөрүлдү.

Аналитикалык фирманын эсептөөлөрү боюнча, Кыргызстанда маалыматтарды жүктөө ылдамдыгы орто эсеп менен алганда секундасына 2.50 мегабитти түзөт. Мисалы, интернеттен беш гигабайттык тасманы жүктөп алуу үчүн 4 саат 33 мүнөт керектелет.

Facebook, WhatsApp, Instagram кадимкидей иштей баштады
Ал эми интернеттин ылдамдыгы эң жогору өлкө катары Тайвань таанылды (секундасына 85,02 мегабит). Анда беш гигабайттык тасманы жүктөө үчүн сегиз гана мүнөт керектелет. Бул өлкө былтыр эле 14-орунда болчу.

Экинчиде өткөн жылдын лидери Сингапур турат. Мында интернеттин ылдамдыгы секундасына 70 мегабитке жетет.

Үчүнчү орунга Жерси аралы татыды. Бул мамлекет бир жыл ичинде 10чу орундан үчүнчүгө секирген.

Ал эми алдыңкы 10 мамлекетке Швеция, Дания, Япония, Люксембург, Нидерланд жана Швейцария кирди. Бул өлкөлөрдө маалыматтарды жүктөө ылдамдыгы орточо эсеп менен алганда секундасына 55.18 мегабиттен 38.85 мегабитке чейин жетет.

Борбор Азия мамлекеттери арасында эң мыкты көрсөткүч Казакстанга таандык. Андагы ылдамдык секундасына 4.66 мегабитти түзөт. Жалпы жонунан алганда өлкө 133-орунду ээледи. Андан кийинки орунда Кыргызстан. Коңшу Өзбекстан болсо 181-сапка илинди (1.37 мегабит). Тажикстан 192, ал эми Түркмөнстан тизменин аяк жагына, 203-орунга жайгашты.

Аналитиктер жалпысынан 207 мамлекеттеги интернетке байкоо салышкан. Алар жалпы орточо ылдамдыкты акыркы 12 ай ичинде аныкташкан.