Табышып койгула! Чүйдө 35 жаштагы аял жоголуп кетти. Сүрөт

Аял 29-июнда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4 июл. — Sputnik. Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 1984-жылкы Венера Короткова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Табышып койгула! Чүйдө 35 жаштагы аял жоголуп кетти. Сүрөт

Ал 29-июнда үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес. Бою 155-160 сантиметр, чачы кара, арык-чырай. Үстүнө кызыл түстөгү көйнөк, көк джинсы кийип, колуна күлгүн түстөгү сумка көтөрүп жүргөн.

Короткованы көргөн-билгендер болсо Ысык-Ата райондук милициясына 0(312) 61-69-07, 0(701) 61-69-07, 0 (501) 10-00-51 номерлери аркылуу билдирип же 102ге чалышса болот.