Бишкектеги таштанды контейнерлери жуулуп жатат. Сүрөт

Таштанды челектерге өрт коюлуп, карайып кеткендиктен сырты дагы сырдалат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды контейнерлерин жууп, тазалап жатышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Учурда Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондорундагы 800гө жакын контейнер жуулуп, дезинфекцияланды. Жалпы жонунан 4000 даана контейнерди тазалоо пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле таштанды челектерге өрт коюлуп, карайып кеткендиктен сырты да сырдалат.