Балыкчынын ишсиз отурган айдоочуларына аткаминерлер барып жолукту

Өткөн айда 50дөй киши тынчтык митингине чыккан. Алар казак жана кытай чек араларынан жүк ташып келүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканына нааразы болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарынын бир ай мурда митингге чыккан айдоочулары менен тиешелүү органдардын өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Эске салсак, өткөн айда Балыкчыда жүк ташып иштеген 50дөй киши тынчтык митингине чыккан. Алар казак жана кытай чек араларынан жүк ташып келүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканын билдирип, нааразы болушкан эле.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражбалиев дагы чындап эле былтыркыга салыштырмалуу кирген жүктүн көлөмү жана автоунаалардын каттамы азайганын моюндады.

"Бул маселе боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, азырынча маселени оң жагына чечип беребиз деп оозеки түрдө убада берип жатышат", — деди Ражбалиев.

Айдоочулардын арасында 3-4 айдан бери жумушсуз отургандар бар экени дагы айтылды.