Калдайган эки аюунун алышканы видеого тартылып калган

Финляндиянын токойлорунда сүрөтчү Теро Пылькканен эки күрөң аюунун алышкан учурун видеого тартып алган.
Sputnik

Анда аюулар бири-бирине бакырган бойдон жакын келип, алышып калганын көрүүгө болот. Жырткычтар бири-бирин беттен, буттан тиштеп жатып оор жаракат алышкан.

Автор видеону кокусунан эле тартып калганын тасманын ылдый жагына жазган.