Россиянын ИИМи: автобус айдаган чет элдиктердин билимин текшерүү керек

Ички иштер министринин орун басарынын айтымында, учурда айрым борборлордогу айдоочулардын 70 пайызын чет элдиктер түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой автобус айдаган чет элдик айдоочулардын билимин тыкыр текшерүү керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Анын айтымында, айрым борборлордо айдоочулардын 70 пайызы чет элдиктер.

"Биз айдоочуларды ташууну катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Анын ичинде айдоочуларга да көңүл бурулат. Биздеги айрым борборлордо айдоочулардын 70 пайызы чет элдиктер, андыктан алардын билимин жана тажрыйбасын тыкыр текшеришибиз кажет", — деген пикирин Горовой Россиянын Башкы прокуратурасынын коллегиясында билдирди.

Ал ошондой эле жүргүнчү ташыган автобустардын техникалык абалы да катуу көзөмөлгө алынарын айтып, учурда киши ташыган коомдук техникалардын көбү эски экенин да кошумчалады.